Россия Канада парламентинде нацисттин даңазаланышына тийиштүү чара көрөт

Дивизия Польшага караган Гута Пеняцкая кыштагында 500 адамдын өмүрүн кыюуга катышкан. "Галичина" кийин Нюрнберг трибуналынын чечими менен кылмыштуу уюм деп табылган.
Sputnik
БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Канада парламенти Владимир Зеленскийди тосуу учурунда ССтин "Галичина" дивизиясынын бандерачысы 98 жаштагы Ярослав Хункага көрсөткөн сый-урматы Жастин Трюдо башында турган режимдин бетин ачты. Мындай билдирүүнү Россиянын Тышкы иштер министрлиги таратты.
ТИМ мындай жорук нацизмдин курмандыктарын шылдыңдоо болуп саналарын белгилеген. Билдирүүдө Советтер Союзу менен Европа мамлекеттеринин басып алган жерлериндеги геноцидге катышкан украиналык коллаборационисттер Улуу Ата Мекендик согуштан кийин дал ушул Канададан башпаанек тапканы айтылат.
"Айрым канадалык парламентарийлер канчалык актанбасын, өлкөдө Россияны жек көргөн ультралибералдык идеология түбүндө нацизм менен тамырлаш экени билинип калды. Украин нацисттеринин баштоочуларына эстеликтер ушул өлкөдө көп орнотулат, Хунка сыяктуу "орус коммунизмине каршы күрөшкөн" улутчулдардын көбү дал ушул өлкөнү байырлашат", — деп айтылат билдирүүдө.
РФ Канада өкмөтүнүн мындай кас мамилеси жоопсуз калбай турганын эскертти.
"Канаданын либералдары нацизм менен ашкере жакындашып алганына кайдыгер карай албайбыз. Оттаванын айынан оор күндөрдү башынан кечирип жаткан Россия-Канада мамилесинин алкагында тиешелүү чара көрүлөт. Канада коомчулугунун туура ойлонгон бөлүгү бийликтин тарыхты "фашизациялоо" саясатына каршылык көрсөтөт деп ишенебиз", — дешти ТИМден.

Окуянын чоо-жайы

Зеленскийдин Канадага болгон сапарынын алкагында парламенттин отурумуна чакырылгандардын арасында 98 жаштагы Ярослав Хунка болгон. Общиналар палатасынын спикери аны "Дүйнөлүк экинчи согуштун учурунда Украинанын көз карандысыздыгы үчүн орустарга каршы согушкан" адам катары көрсөтүп, айткандары залдын кол чабуусу менен коштолгон. Хунка ССтин "Галичина" дивизиясынын ыктыярдуу мүчөсү болуп чыккан.
Тарыхка кайрылсак, ССтин "Галичина" дивизиясы 1943-жылы 28-апрелде түптөлгөн. Кийинки жылдын жай айына, Кызыл армия аларды украиналык Броды шаарынын жанынан талкалаганга чейин иштеген. Дивизияда кызмат өтөгөндөр жай жашоочуларга карата аскердик кылмыштарды жасашкан. Андан сырткары, еврейлерге, польшалыктарга, словактарга жана беларустарга жырткычтык менен мамиле кылганы тарыхта маалым.
Дивизия Польшага караган Гута Пеняцкая кыштагында 500 адамдын өмүрүн кыюуга катышкан. "Галичина" кийин Нюрнберг трибуналынын чечими менен кылмыштуу уюм деп табылган.
Общиналар палатасынын спикери Энтони Рота аталган адамдын өмүр баяны менен жакшы тааныш болбогондугун айтып, катасын мойнуна алып, Хункага көрсөтүлгөн урмат-сый үчүн кечирим сурады. Ал эми Канададагы оппозиция лидери Пьер Пуальевр премьер Трюдодон нацистти чакырганы үчүн анын жеке өзүнүн кечирим суроосун талап кылды. Канадалык өкмөт башчы ал өзү да, Владимир Зеленскийдин делегациясы да Хунканын парламентке чакырылганы боюнча маалыматы болбогондугун билдирген.
БУУ Канададагы окуядан кийин нацисттерди даңазалоого каршылыгын билдирди