Отставкага кетиши керек эле! Депутат кескиленген аялды коргоп калбагандар тууралуу

Башкы прокурордун орун басары Үмүткан Коңкубаева пробациялык көзөмөлдү орнотуу али күчүнө кире электигин, аны апелляциялык тартипте карап жатышканын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Гуля Кожокулова аялдын кулак-мурдун мурунку күйөөсү кесип салгандан кийин ага өбөлгө түзгөн мурдагы кылмыштарга реакция кылбагандар отставкага кетиши керектигин айтты.
"Ал киши бир нече ирет жоопко тартылыптыр, ал эми профилактика иштерин жасап, каттоого ала турган милиция... Таптакыр эле нөл! Мен тартип сактоо органдары, прокуратура, сот тарабынан кандайдыр бир ири отставкалар болот го дегем. Тыптынч го. Көзөмөл деген кайда?" — деп суроо салган Кожогулова Жогорку Кеңештин комитетиндеги жыйында.
Башкы прокурордун орун басары Үмүткан Коңкубаева пробациялык көзөмөлдү орнотуу али күчүнө кире электигин, аны апелляциялык тартипте карап жатышканын белгиледи.
Эске салсак, 20-сентябрда Бишкектин чет жакасындагы Селекционное аймагында жашаган 36 жаштагы аял өз үйүндө бети-башы бычакталып, кулак-мурду кесилген. Бул кылмышка шектелип анын 39 жаштагы мурдагы күйөөсү кармалып, тергөө абагына киргизилди.
Жабырлануучунун апасы президент Садыр Жапаров менен УКМК башчысы Камчыбек Ташиевге кайрылып, окуяга көңүл бурууну суранган.
Кулак-мурду кесилген аялга түркиялык пластикалык хирург акысыз жардам убадалады