БШК Ленин округунан шайланган Кубанычбек Самаковго мандат тапшырды

Аталган округда кайра шайлоо 10-сентябрда өткөн.
Sputnik
БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы Ленин округунан шайланган Кубанычбек Самаковго мандат тапшырды.
Аталган округда кайра шайлоо 10-сентябрда өткөн. Анда 24 талапкердин ичинен эң көп — 5 273 добуш алган Самаков утуп чыккан.
Белгилей кетсек, Ленин округундагы мөөнөтүнөн мурда шайлоо Жаныбек Абиров мандатын тапшыргандан улам өткөн. Март айында ал ресторандын алдынан күзөт кызматкерин сабап салган. Бул окуядан кийин Абиров депутат болууга моралдык укугу жок экенин айтып мандатын тапшырган.
Буга байланыштуу 28-майда мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөн. Анда алдыга чыккан Дамира Ниязалиева добуштарды сатып алууга шектелип шайлоо жыйынтыгы жокко чыгарылган. Экинчи орунду талапкер Улан Сариев ээлеген, бирок анын дагы алган добуштары жокко чыгарылган. Мындан улам ал шайлоонун жыйынтыгы жараксыз деп табылган.
Акаев: "Альянсты" эле эмес, бийликчил депутаттардын да дипломун текшериш керек