Көөнө Сөз

Манасчы "ада" деген көөнө сөздү чечмелеп берди

"Манас" театрынын директорунун орун басары, манасчы Нурбек Талантбеков эпосто кездешкен көөнө сөздөрдүн бирин чечмелеп берди.
Sputnik
Аягы, бүтүшү, соңу, түгөнүшү, жыйынтыгы дегенди "ада" деп колдонсо болот. Бул тууралуу Нурбек Талантбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун "Көөнө сөз" рубрикасында билдирди.
Анын айтымында, бул сөздү эки мааниде колдонсо болот.
"Көөнө сөздөрдүн арасында "ада" деген бар. Манаста "ада болду аягы, айтылбай калды каягы" деген сап кездешет. Аны эки мааниде колдонсо болот. Биринчиси: аткаруу, жоопкерчилик жүгүнөн кутулуу, ошол нерсени өтөө дегенди түшүндүрөт. Экинчиси: аягы, бүтүшү, соңу, түгөнүшү, жыйынтыгы дегенди билдирет. Түрк туугандардын "тамам" деген сөзү бар. Анын дагы мааниси дал ушул "ада" сөзүнө окшош", — деди Талантбеков.
Ошондой эле ал көөнө сөздөрдү кийинки муундарга жеткирүү ар бирибиздин милдетибиз экенин кошумчалады.