Кутурган ит тиштесе өлүмгө алып келиши мүмкүн. Кооптуу инфекция тууралуу

Кыргызстанда жылына кутурма оорусунан 1-2 адам көз жумат.
Sputnik
БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Кутурма өлүмгө кептей турган инфекция экенин Республикалык карантиндик жана өзгөчө коркунучтуу жугуштуу оорулар борборунун эпидемиология бөлүмүнүн башчысы Кубанычбек Бектурдиев Sputnik Кыргызстан радиосуна берген маегинде айтып берди.
“Кутурма үй жана жапайы жаныбарлардын шилекейи аркылуу жугат. Ошондуктан ит же жапайы жаныбар тиштегенден кийин дароо дарыгерге кайрылып, вакцина алуу абдан маанилүү. Эгер тиштегенден кийин кишиде кутурманын белгилери пайда болсо, аны сактап калуу мүмкүн эмес”, — деди Бектурдиев.
Анын айтымында, Кыргызстанда жылына кутурма оорусунан 1-2 адам өлүмгө учурайт.
Айыл чарба министрлигинин Ветеринардык кызматынын эпизоотияга каршы күрөшүү бөлүмүнүн башкы инспектору Дайыркул Саткынов кутурма оорусунун жайылышына жолбун иттер себепкер экенин белгиледи.
“Биз жолбун иттерди үзгүлтүксүз атып турабыз. Бирок ээси жок иттердин үйүрлөрүнүн пайда болушу — адамдын үй жаныбарларына болгон жоопкерчиликтүү мамилесине байланыштуу. Негизинен кутурма жапайы жаныбарлардан келип чыгат жана бул инфекциядан толугу менен арылуу мүмкүн эмес. Андыктан үй жаныбарларын кармоонун, анын ичинде эмдөөнүн эрежелерин сактоо өтө маанилүү”, — деди Саткынов.
Кутурма — вирустук оору, ал дээрлик бардык учурда иттин тиштегенинен жугат. Эгер ушундай окуяга кабылсаңыз, дароо ит тиштеген жерди самындап жуушуңуз керек. Сөзсүз жакын жердеги медициналык жайга барып же Тез жардам чакыруу зарыл. Дарыгерлер дарылануу курсун дайындайт. Эмделүү акысыз.
Кызыл-Кыяда ит тиштеп 7 бала, бир чоң киши ооруканага түштү