Акжол Махмудов дүйнөнүн эки жолку чемпиону болду

Өткөн жылдын сентябрь айындагы чемпионатта Махмудов венгриялык спортчу Золтан Леваини жеңип, дүйнө чемпиону аталган.
Sputnik
БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов грек-рим күрөшү боюнча дүйнөнүн эки жолку чемпиону болду. Мелдештер Сербиянын Белград шаарында өтүп жатат.
Ал алтын үчүн азербайжандык Санан Сулейманов менен беттешти. Бул балбандын дүйнө чемпионатында уткан экинчи алтын медалы. Өткөн жылдын сентябрь айында өткөн дүйнө чемпионатында венгриялык спортчу Золтан Леваини биринчи бөлүктө эле жеңип чемпион аталган.
Кечээ жарым финалда япониялык спортчу Нао Кусаканы 7:5 упай эсебинде утуп, Олимпиада оюндарына жолдомо алган.
Мындан тышкары, Махмудов Азиянын үч жолку чемпиону, Токиодо өткөн Олимпиада оюндарынын күмүш медалынын ээси.
Ура! Айсулуу Тыныбекова үчүнчү ирет дүйнө чемпиону болду