24-сентябрга карата аба ырайы

24-сентябрда түнкүсүн республиканын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Жекшембиде күндүз өлкөнүн тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Ал эми түнкүсүн республиканын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын болбойт.
Абанын температурасы Чүйдө +19…+24, Талас жеринде +17…+22, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +21…+26, Ысык-Көл чөлкөмүндө +10…+15, Нарын облусунда +11…+16 градустун тегерегинде болот.
Термометр Бишкекте +21…+23, Ош калаасында +22…+24 градусту көрсөтөт.
Катуу суук түшөбү? Октябрга карата аба ырайы