Токаев Байденди Борбор Азияны өзөктүк курал менен коркутпоого чакырды

Борбор Азия Түндүк жарым шардагы өзөктүк арсенал жайгаштырууга тыюу салынган жалгыз регион болуп саналат.
Sputnik
БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Касым-Жомарт Токаев Жо Байден жана Борбор Азия мамлекеттеринин башчылары менен Нью-Йорктогу жолугушуусунда америкалык лидерди өзөктүү куралсыз Борбор Азия протоколун ратификациялоого чакырды.
Бул протоколду ратификациялаган мамлекеттер Борбор Азияны өзөктүк курал менен коркутпоого жана колдонбоого милдеттендирилет.
"Мындай кадам аймактын өзөктүк куралсыз статусун түзүүгө багытталган процестти соңуна чыгарып, өзөктүк куралды жайылтпоо боюнча эл аралык аракеттердин майнабы болмокчу", — деди Токаев.
Борбор Азия Түндүк жарым шардагы өзөктүк арсенал жайгаштырууга тыюу салынган жалгыз регион болуп саналат.
Документти буга чейин Кытай, Россия, Франция жана Улуу Британия ратификациялаган. АКШ бул кадамга барбай койгон жападан жалгыз өзөктүк держава. Анда протоколго кол коюлганы менен ратификациядан өткөн эмес.
Жапаров БА жана АКШ саммитинде Кыргызстандын артыкчылыгы эмнеде экенин айтты