Садыр Жапаров АКШда ири компаниялардын өкүлдөрү менен жолукту

Өлкө башчы ишкерлерди биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга чакырып, жумшалган инвестициялардын толук коопсуздугуна кепилдик бергени кабарланды.
Sputnik
БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров 21-сентябрда Нью-Йорк шаарында америкалык ири финансылык жана инвестициялык компаниялардын өкүлдөрү менен жолукту. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Жапаров менен жолугушууга финансылык кызматтарды көрсөтүү, консалтинг, инвестицияларды башкаруу, инновациялык финансылык чечимдер чөйрөсүндөгү алдыңкы компаниялардын жетекчилери катышкан.
Алар: Oppenheimer (50 жылдан ашык иш тажрыйбасы жана башкарууда 37 миллиард долларды түзгөн активдери бар), Fidelity Investments (2022-жылдын жыйынтыгы боюнча, жүгүртүүсү 25,2 миллиард долларды түзгөн брокердик ишмердүүлүк), Mirae Global Asset Investments (глобалдык масштабда 2020-жылдын декабрына карата топтун жалпы кардар активдери 550 миллиард доллардан ашат), Delphos International (эл аралык консалтинг компаниясы түзүлгөндөн бери 80ден ашуун өлкөдө кардарларынын операциялары үчүн 20 миллиард доллардан ашык атаандаштыкка жөндөмдүү капиталды чогулткан) компаниялары жана башкалар экени айтылды.
Президент Садыр Жапаров 21-сентябрда Нью-Йорк шаарында америкалык ири финансылык жана инвестициялык компаниялардын өкүлдөрү менен жолукту.
Мамлекет башчысы алар менен болгон маегинде аталган жолугушуу тараптар ортосундагы өз ара тыгыз алаканы баштайт деген ишенимин билдирген. "Иштеп жаткан компаниялар өз тармагында уникалдуу ийгилик таржымалына, эбегейсиз инвестициялык мүмкүнчүлүктөргө жана инвестициялоо үчүн олуттуу потенциалга ээ. Президент жолугушууга катышкан компаниялардын Кыргызстандын инвестициялык-экономикалык мүмкүнчүлүктөрү менен таанышууга болгон умтулуусун канааттануу менен баалады", — деп билдирди маалымат кызматы.
Жапаров бул иш-чарада Кыргызстандын инвестициялык кеңири потенциалы, өлкөдө ишке ашырылып жаткан учурдагы артыкчылыктуу инвестициялык долбоорлор тууралуу маалымат берүү максатын көздөгөнүн айтышты.
Президент катышуучулардын көңүлүн Кыргызстандын олуттуу жаратылыш байлыктарына, энергетикалык ресурстардын жана пайдалуу кендердин ири запастарына, ошондой эле квалификациялуу жумушчу күчкө ээ экендигине бурган.
Президент Садыр Жапаров
"Бул контекстте жашыл экономика, гидроэнергетика, IT-технология, жумуш менен камсыз кылуу жана билим берүү сыяктуу негизги багыттар боюнча америкалык өнөктөштөр менен өз ара пайдалуу кызматташуунун аспектилери деталдуу түрдө ачылган презентация жасалды", — деп билдирди маалымат кызматы.
Америкалык компаниялардын жетекчилери кызматташтыктын потенциалдуу чөйрөлөрүнө кызыгып, өлкөгө инвестиция салуу мүмкүндүгүнө байланыштуу суроолорду беришкен.
Жапаров аларды биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга чакырып, жумшалган инвестициялардын толук коопсуздугуна кепилдик бергени кабарланды.
Жапаров БА жана АКШ саммитинде Кыргызстандын артыкчылыгы эмнеде экенин айтты