Трагедияга бир нече күн калганда кыргызстандык аял милицияга улам-улам барган. Бул тууралуу Sputnik агенттигине анын сиңдиси Диана Елькен айтып берди.
"Асел аймактык милиционерге "ал мени сабап жатат" деп айткан экен. Зөөкүр эжемди батиринин, жумушунун жанында күтүп турчу. Кармап алып сабачу. Аны убактылуу кармоочу жайга киргизип, үч күндөн кийин кайра эле чыгарып салышчу. 15 мүнөттөн кийин эжемдин босогосуна жетип келчү", — деди Диана.
Анын айтымында, үрөй учурган окуя болгон күнү Аселдин улуу баласы мектепке кеткен. Өзү жумушка барууга камданып жаткан. Эшигин ачары менен мурдагы жолдошу кирип келип сабай баштаган. Асел эки чапканда эс-учун жоготкон.
"10 жаштагы кичүү баласы үйдө болгон. Атасы апасынын кулагын кесип жатканда бала жуурканга башын катып жашырынып отурган. Батирдин ичинин баары канга боёлгон", — деди жабырлануучунун сиңдиси.
Диана учурда эжесинин жакшы болуп кетишин тилеп отурат. Ал президент Садыр Жапаров менен УКМК башчысы Камчыбек Ташиевге кайрылып, окуяга көңүл буруп коюуну суранды. Аялга бир нече оор жана кымбат операция жасалары күтүлүүдө.