БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Жогорку сот Бишкектин жака-белиндеги Селекционное айылында мурдагы аялынын кулак-мурдун кескилеген кишиге эмне үчүн былтыр пробациялык мөөнөт берилгенин түшүндүрдү.
Маалымат кызматы билдиргендей, Фемида өкүлдөрүнүн төрагасы Замирбек Базарбеков 36 жаштагы Аселдин иши боюнча ыкчам кеңешме өткөргөн.
Чүй облусунун Сокулук райондук сотунун 2022-жылдын 19-октябрындагы токтому менен А.Э. аттуу эркек кишиге карата А.Н. аттуу жабырлануучуну зордуктоо фактысы боюнча жабырлануучунун берген тосмо арызынын негизинде, сот отурумунда айыпталуучу менен элдешкени жана ага карата доосу жоктугу ырасталгандан кийин кылмыш иш өндүрүштөн кыскартылган. Аталган токтом эч ким тарабынан даттанылбай мыйзамдуу күчүнө кирген.
Андан кийин келиндин мурдагы күйөөсүнө карата зордуктоо боюнча дагы бир кылмыш иши Сокулук райондук сотуна түшкөн.
"Айыпталуучу зордуктоо фактысы менен беш жылга эркиндигинен ажыратылган. Ошол эле учурда сот айыпталуучунун улгайган, көзү азиз апасы бар экендигин, ал кароого муктаждыгын, ошондой эле айыпталуучу менен жабырлануучунун ортосундагы эки баланы эске алган. Натыйжада Кылмыш-жаза кодексинин 82-беренесинин негизинде пробациялык көзөмөлдү колдонуп, ага карата үч жыл пробациялык мөөнөт белгиленген. Жабырлануучу бул чечимге макул болбой, апелляциялык даттануу менен Чүй облустук сотуна кайрылган. Соттук иш 2023-жылдын 27-сентябрына коюлган", — деп айтылат маалыматта.
Жогорку сот ички иликтөө жүргүзүп, жыйынтыгы боюнча бул ишти караган судьянын аракеттерине өзгөчө катуу баа берилери эскертилди.
Эске салсак, 20-сентябрда Бишкектин чет жакасындагы Селекционное аймагында жашаган аял өз үйүндө бети-башы бычакталып, кулак-мурду кесилген. Бул кылмышка шектүү катары анын 39 жаштагы мурдагы күйөөсү кармалып, кылмыш иши козголду.