БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Мурдагы аялынын кулак-мурдун кескен киши эки айга тергөө абагына киргизилди. Маалыматты Жогорку Соттон билдирди.
Шектүү №1 тергөө абагында болот.
Буга чейин маалымдалгандай, ал мурдагы аялынын үйүнө келип, кулак-мурдун кесип салган. Аял оор абалда ооруканага жеткирилип, сегиз сааттан ашык операция жасалган.
Окуянын чоо жайын сиңдиси баяндап берди.