Маданият министрлиги Санкт-Петербургга адистерди жиберүүнү сунуштоодо. Себеби

Музей иштери боюнча Россиянын маданий борборунан дүйнөлүк мыкты тажрыйбаларды үйрөнүүгө болот.
Sputnik
БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги музей адистерин жана театр артисттерин Санкт-Петербург шаарына тажрыйба алмашууга жөнөтүүнү сунуштайт. Бул туурасында аталган министрликтин жетекчисинин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу билдирди.
Анын айтымына караганда, музей иштери боюнча Россиянын маданий борборунан дүйнөлүк мыкты тажрыйбаларды үйрөнүүгө, алууга болот.
"Санкт-Петербургда мыкты адистер эмгектенишет, үйрөтүшөт. Биз кызматкерлерибизди алдыңкы адистердин тажрыйбаларын көрүп, үйрөнүп келүүгө жиберүүнү каалайбыз. Мындан сырткары, кадрларды даярдоо жагынан да тажрыйба алмашып, театр артисттерин жиберсек дейбиз", — деген Эсенгул уулу.
Бишкекте Кыргызстан менен Санкт-Петербургдун өкмөт аралык 12-отуруму болуп жатат. Анда соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтык боюнча суроолор талкууланууда.
Аялдарды окутат, акча бөлөт. Москвада кол коюлган 11 меморандум