БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Кечээ бычакталып ооруканга түшкөн келин буга чейин зордукталганын айтып, күйөөсүнүн үстүнөн бир нече ирет арыз жазган. Бул туурасында Чүй облустук милициясынан айтып беришти.
Маалымат булактары ажырашкан күйөөсү келиндин бетин тилип, кулагы менен мурдун кесип салганын билдирди.
Бычакталган аял эки баласы менен Бишкектин чет жакасындагы Селекция айылында көп батирлүү үйдө жашаган. Кулак-мурдун кести деген шектүү менен мурда ажырашкан. Кечээ, 20-сентябрда, сегиз саат операция жасалган келин учурда Бишкектеги ооруканалардын биринде.
Милициядан былтыр сентябрь айында 39 жаштагы шектүү Э. А. мурдагы аялын токмоктоп, зордуктаганы үчүн кармалганын айтышты. Аялдын тосмо арызынан кийин эркиндикке чыккан.
Жылдын башында, тагыраагы, январда зордуктоо боюнча кайрадан арыз түшкөн. Сокулук райондук соту келиндин мурдагы күйөөсүн пробацияга өкүм кылган. Бирок ал арыздангандыктан иш облустук сотто каралып жатат (жаңы чечим алигече чыга элек).
Жабырлануучунун зордукталышы боюнча мурдагы окуяларды анын сиңдиси айтып берди.
"Эжемдин эки уулу бар, күйөөсүнүн ырайымсыз мамилесинен улам ажырашып кеткен. Ажырашкандан кийин бир эмес эки жолу ур-токмокко алып, кыйнап, зордуктап, үйгө келип сабап, өлтүрүүгө аракеттер болгон. Биз милицияга кайра-кайра кайрылганбыз, миллион жолу соттук-медициналык эксперттен өттүк, токмоктоп жаткан учурду видеого тартып алдык, бирок баары текке кетти. Милиция өлтүрмөйүнчө иш козгой албастыгын, аны түрмөгө отургуза албастыгын айткан", — деди жабырлануучунун сиңдиси.
Айтымында, эркек киши милицияга дагы кол көтөргөн, бирок жазадан кутулуп кеткен.