Бишкектин четиндеги Селекция айылында күйөөсү аялынын кулак-мурдун кескен

Окуя ошол аймактагы көп кабаттуу үйдөгү батирлердин биринде болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 20-сен. – Sputnik. Бишкектин чекесиндеги Селекция айылында (Сокулук району) 36 жаштагы Н.А. аттуу аялды күйөөсү кызганычтан улам бычактап, ооруканага түшкөн. Бул маалыматты Чүй облустук милициясынан тастыкташты.
Жергиликтүү ЖМКлар эркек жубайынын мурдун, кулактарын кесип салганын жазып жатышат. Окуя ошол аймактагы көп кабаттуу үйдөгү батирлердин биринде болгон.
Тартип сакчылары бул кылмышка шектүү катары 39 жаштагы Э.А. аттуу жаранды кармап, убактылуу кармоо жайына киргизген. Аталган фактынын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси ("Денеге оор залал келтирүү") менен иш козголгон.
ЖМКлар эркек буга чейин соттолгонун, аялын байма-бай ур-токмокко алып жүргөнүн жазды.
Сузактагы каргаша: аялын кызганычтын айынан өлтүрүүгө шектелген күйөө кармалды