КМШ өлкөлөрүнүн жаштарынын XVII Дельфи оюндарынын өтүүдө

Бишкекте КМШ жаштарынын кароо-сынактары өтөт. Шарт-талабы

Ага Шериктештиктин бардык өлкөлөрүнүн 10 жаштан 25 жашка чейинки жарандары катыша алат.
Sputnik
БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. 6-октябрдан 10-октябрга чейин Бишкекте КМШ жаштарынын XVII "Дельфи" оюндары өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Ага ылайык, оюндарга Шериктештиктин бардык өлкөлөрүнүн 10 жаштан 25 жашка чейинки жарандары катыша алат.
Конкурстук программа төмөнкү номинациялардан турат:
пианино жана скрипкада ойноо;
көркөм сүрөт искусствосу;
академиялык жана жеке элдик ырдоо;
эстрада ыры, элдик бий өнөрү.
Фестивалдын программасы төмөнкү номинациялардан турат:
элдик аспаптар;
үйлөмө аспаптар;
көркөм кол өнөрчүлүк багыты.
"Дельфи" оюндары КМШга мүчө өлкөлөр арасындагы ири иш-чара катары белгилүү. Маданият, искусствонун жаш ишмерлерин байланыштырган конкурстук, фестивалдык мелдештер, мастер-класстар, илимий-практикалык жана оюн-зоок иш-чаралар "Дельфи" оюндарынын жыйындысы болуп саналат. Бүгүнкү күндө оюндар жаш таланттарды табуу, колдоо үчүн мыкты аянтча болууда. Ал 65 өлкөнүн өкүлдөрүн, биринчи кезекте КМШга мүчө бардык мамлекеттердин таланттуу жаштарынын башын бириктирүүдө", — деди министрликтен.
Дельфи оюндары КМШнын Өкмөт башчылар кеңешинин чечими менен 2002-жылдан бери өткөрүлүп келет.
Театрлар өлкө аймактарын түрө кыдырган гастролдорун баштады