Радио

Нурланов: фермерлердин кайдыгерлиги — ветеринариядагы чоң көйгөй

Ветеринар-хирург Улукбек Нурланов фермерлердин малга жоопкерчиликсиз мамилеси көп чыгымга алып келерин айтты.
Sputnik
Мал багууда эки нерсеге олуттуу көңүл буруу зарыл. Биринчиси — аны кармоо шарты, экинчиси — тоюту. Бул тууралуу Улукбек Нурланов Sputnik Кыргызстан радиосуна билдирди.
Анын айтымында, малга ширелүү тоют берүү абдан маанилүү.
"Биздин фермерлер көбүнесе малга карата жоопкерчиликсиз мамиле кылып коюп чыгымга учурашат. Бизди окуткан мугалимдерибиз "мал багууда аны кармоо шарты менен тоютуна мыкты көңүл бурулса эле оору-сыркоого кабылбайт" деп үйрөтүшкөн. Чынында ушундай. Мисалы, Кыргызстанда мал көп кабылган көк мээ илдети бар. Ал мышык, күчүк сыяктуу үй жандыктарынын заңынан келип чыгат. Мал оттогон жерге ит, мышыктар заңдап кетсе анда курттун личинкалары калып, ал жерден чөп жеген малда оору пайда болот. Мезгилдин өтүшү менен бул көк мээ же эл оозунда айланбаш деген ооруга алып келет. Анда личинкадан пайда болгон курт мээни кысып калат, операция жолу менен гана айыктырып алса болот. Ошондуктан мал баккандар ит, мышыктарын, деги эле агрардык өлкө болгондуктан жарандар үй жаныбарларын убагында дарылатып турушу керек. Экинчи себеби — бир түрдүү тоют бере беришет. Жыйынтыгында малга түрдүү витаминдер жетишпей, ал табитин көзөмөлдөй албай калат да желим баштыктарды жана башка аш болбой турган заттарды жеп алат. Андыктан малга да витаминдүү азык берүү маанилүү", — деди Нурланов.
Ал мыкты тоют жана кармоо шарты малдын селекциясынын да сапатын арттырарын кошумчалады.
Улукбек Нурлановдун маеги менен толук таанышып алсаңыз болот