ЕАЭБ Кыргызстандан тонналап сатып алган азыктар аталды

Январдан июлга чейин өлкө 1 149,2 тонналык экспорт жасаган.
Sputnik
БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. ЕАЭБ мамлекеттери Кыргызстанда жасалган быштак менен сырды сатып алган негизги кардар болуп саналат (эки азык бир товар номенклатурасына киргизилген). Бул тууралуу Статкомдун маалыматында айтылган.
Январдан июлга чейин өлкө 1 149,2 тонналык экспорт жасаган. Жалпы баасы 2,7 миллион долларды түзөт.
Сатып алгандар:
Казакстан — 922,8 тонна;
Россия — 182,8;
Өзбекстан — 43,6.
Евразия экономикалык биримдигинде товар жүгүртүү көлөмү өсүүдө