БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Уктап жатканда буттун тарамышы эмне себептен түйүлөт, мындай учурда эмне кылуу керек? Бул суроолорго дарыгер Екатерина Терентьева "Доктор Питер" басылмасындагы маегинде жооп берди.
Адистин айтымында, буттун түйүлүшү кара жумуштан кийин чарчаганда, гиподинамияда (аз кыймылдын кесепетинен дененин булчуңдарынын алсыз болуп калышы), үшүп калганда, тамырларда варикоз болгондо, кан басымы кескин өзгөргөндө же дене табы көтөрүлгөндө болушу мүмкүн.
Ошондой эле буттун карышып калуусуна магнийдин, В тобундагы витаминдердин, калий жана кальцийдин жетишсиздиги да себепкер болот.
"Бул өзгөчө кара жумуш жасап чарчаган же акыл менен иштеп, стресс болгон адамдар арасында кеңири таралат. Микроэлементтердин жетишсиздигинен улам кош бойлуу келиндерде дагы көп болот", — деп түшүндүргөн адис.
Бут карышып калганда ооруган жерди укалап, булчуңду жылытуу керек. Ары-бери басып, жылуу сууга түшкөн учурда дагы өзүңүзгө жардам бере аласыз.
"Эгерде буттун тарамышы эле эмес, колдор дагы карышып калса, дароо дарыгерге кайрылуу керек", — деди Екатерина Терентьева.