Акылбек Жапаров Бишкек шаарындагы IT-коворкинг борборуна барды. Сүрөт

Маалымат булактары аталган борборго мурдагы премьер-министр, саясатчы Өмүрбек Бабановдун тиешеси бар экендигин айтышты.
Sputnik
БИШКЕК, 20-сен. – Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек шаарындагы IT-коворкинг борборунун ишмердүүлүгү менен таанышып, ал жакта иштегендер менен жолукту.
Анда республиканы санариптик жактан өнүктүрүү мамлекеттик ишмердүүлүктүн негизги багыттарынын бири экени белгиленди.
IT-борборго болгон сапарда Жапаровго борборду мындан ары өнүктүрүү пландары, фрилансерлер үчүн коворкинг, IT-хаб жана анын башка мүмкүнчүлүктөрү тааныштырылды.
1 / 5

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек шаарындагы IT-коворкинг борборунун ишмердүүлүгү менен таанышып, ал жакта иштегендер менен жолукту

2 / 5

Анда республиканы санариптик жактан өнүктүрүү мамлекеттик ишмердүүлүктүн негизги багыттарынын бири экени белгиленди

3 / 5

IT-борборго болгон сапарда Жапаровго борборду мындан ары өнүктүрүү пландары, фрилансерлер үчүн коворкинг, IT-хаб жана анын башка мүмкүнчүлүктөрү тааныштырылды

4 / 5

Өкмөт башчы бизнести өнүктүрүү, анын ичинде маалыматтык технологиялар тармагында жалпы экономиканын өнүгүшүнө мультипликативдик таасир берерин белгиледи

5 / 5

Ал министрлер кабинети аталган тармакты өнүктүргөн компанияларды колдоо боюнча кошумча чараларды көрүүгө даяр экенин айтты

Өкмөт башчы бизнести өнүктүрүү, анын ичинде маалыматтык технологиялар тармагында жалпы экономиканын өнүгүшүнө мультипликативдик таасир берерин белгиледи.
Ал министрлер кабинети аталган тармакты өнүктүргөн компанияларды колдоо боюнча кошумча чараларды көрүүгө даяр экенин айтты.
"Жеке бизнеске маалыматтык технологияларды колдонууга жана жогорку көрсөткүчтөргө жетишүүгө мүмкүндүк берген IT-чечимдер мамлекеттик көйгөйлөрдү чечүү үчүн жаңы инструмент болуп калышы мүмкүн жана өлкөдөгү санариптештирүү процессин тездетүүгө жардам берет. Учурда өлкөдө ишке киргизилген IT-чечимдердин көбү бизнеске жана мамлекеттик органдарга санариптик трансформация көйгөйлөрүн чечүүгө жардам берүүдө. Жыл сайын аларга суроо-талап өсүүдө. Биз аны жайылтуу үчүн мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүүгө, ошондой эле бул тармакты өнүктүргөн компанияларды колдоо боюнча кошумча чараларды көрүүгө даярбыз", — деген Жапаров.
Маалымат булактары аталган борборго мурдагы премьер-министр, саясатчы Өмүрбек Бабановдун тиешеси бар экендигин айтышты.
Радио
Сагыналы: Кыргызстанда майыптар үчүн инклюзивдүү коворкинг-борбор ачылат