21-сентябрга карата аба ырайы

21-сентябрда республика аймагында туруксуз аба ырайы күтүлүп, тоолуу райондордо сел жүрүшү мүмкүн.
Sputnik
БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Бейшембиде өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн, тоолуу райондордо кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүйдө +17…+22, Талас жеринде +14…+19, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +20…+25, Ысык-Көл, Нарын облустарында +13…+18 градусту көрсөтөт.
Абанын табы Бишкекте +20…+22, Ош калаасында +23…+25 градус болот.
Жаанчыл болот. Бир жумага карата Кыргызстандагы аба ырайы