БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Россия чатакташып жаткан тараптарды Тоолуу Карабахтагы кан төгүүнү токтотууга чакырганын РФ ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова билдирди.
Азербайжандын Коргонуу министрлиги Конституциялык түзүмдү калыбына келтирүү үчүн Тоолуу Карабахта локалдык мүнөздөгү антитеррордук иш-чараларды баштаганын кабарлады.
Аталган ведомстводон сокку аскердик объектилерге жасалып, эл жашаган аймактарга жана инфраструктуралык объектилерге багытталбагандыгын белгилешкен.
"Тоолуу Карабахта кырдаал кескин курчуп кеткенине өтө терең тынчсызданып турабыз", — деген Захарова.
Анын айтымына караганда, Азербайжандын куралдуу күчтөрүнүн Баку айтып жаткандай "антитеррордук иш-чараларды" баштаганы жана жергиликтүү армян куралдуу күчтөрүнүн жооп кылганы боюнча маалыматтар түшүүдө.
"Россиялык тарап чатакташып жаткандарды кан төгүүнү, согуштук аракеттерди токтотуп, саясий-дипломатиялык жөнгө салган жолго түшүүгө чакырат", — деген Захарова.
РФ ТИМ өкүлү Карабах көйгөйүн тынчтык жол менен чечүүнүн кадамдары комплекстүү негизде үч тараптуу — Россия, Азербайжан жана Армения лидерлеринин 2020-2022-жылдары кабыл алган билдирүүсүндө айтылганын эске салды.
"Акыркы мезгилдери Россиянын жана башка эл аралык ортомчулардын аракети аркылуу Карабах көйгөйүн тынчтык жолу менен чечүүнүн прогрессивдүү болушуна олуттуу өбөлгөлөр түзүлө баштаганын өзгөчө белгилейбиз. Кеп акыркы убакта биз көп сөз кылган Карабахтын элине гуманитардык жардамдын берилиши тууралуу болууда. Бул Баку менен Степанакерттин ортосундагы диалогдун кайрадан жаралышына жагымдуу фон түзгөн жана түзөт", — деп белгиледи ал.
Россия ТИМинин өкүлү учурдагы түзүлгөн кырдаалда тынчтык орнотуучу контингент өзүнүн милдетин аткарып жатканын айтты.
"Россиялык тынчтык орнотуучулар контингентинин командачылыгы Карабахтагы Армения өкүлдөрү жана Азербайжан бийлиги менен согуш отун өчүрүп, жогоруда айтылган жогорку деңгээлдеги үч тараптуу документти турмушка ашыруу аракетинде дайыма байланышта болуп жатат", — деп кошумчалады Захарова.