Новосибирскиде "Чыңгыз Айтматовдун дүйнөсү" борбору ачылды

Sputnik
БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Новосибирскиде "Чыңгыз Айтматовдун дүйнөсү" аттуу жазуучунун чыгармачыл мурастарын жана гуманисттик идеяларын жайылтуу борбору ачылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
1 / 2

Новосибирскиде "Чыңгыз Айтматовдун дүйнөсү" аттуу жазуучунун чыгармачыл мурастарын жана гуманисттик идеяларын жайылтуу борбору ачылды.

2 / 2

Анда жазуучунун чыгармалары, кыргыз тилиндеги балдар адабияты жана "Манас" эпосунун китептери көрсөтүлгөн.

Анда жазуучунун чыгармалары, кыргыз тилиндеги балдар адабияты жана "Манас" эпосунун китептери көрсөтүлгөн.
Борбордун ишинин алкагында Кыргызстандын тарыхы менен маданияты жөнүндө ачык сабактар өткөрүлүп, кыргыз көркөм тасмалары көрсөтүлөт. Ошондой эле сүрөтчүлөрдүн көргөзмөлөрү, чыгармачыл жолугушуулар уюштурулат.
Жөнөкөйлүгүнөн жазбады. Сүймөнкул Чокморовдун агасынын эскерүүсү