Көңүлүңүз чөгүп турса дары ичүүнүн кажети жок. Адистин кеңеши

Дарыгер көпкө созулган терс маанай көбүнчө витаминдердин жетишсиздигинен же эс алуунун жоктугунан пайда болорун эскертти.
Sputnik
БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Көңүл чөгүүдөн арылуу үчүн дароо дарыга чуркабай, анын себебин аныктоо зарыл. Бул тууралуу невропатолог Ксения Овсянникова "Доктор Питер" басылмасына берген маегинде айтып берди.
Адис маанайды түшүргөн себептерди тизмектеп берген:
Кош бойлуу жана бала эмизген учур. Адатта бул белок, темир, магний, В витаминдеринин жана йоддун жетишсиздиги.
Ковид менен ооругандарда. Ичеги-карындын бузулушу, нейросезгенүү, аммиактын көбөйүшү, В тобундагы В12, В6 жана башка витаминдердин жетишсиздиги, кандын бузулушунан микроциркуляциянын бузулушу.
Кары-картаңдарда. Ичеги-карын ишинин бузулушу, кандын керектүү өлчөмдө мээге жетпей калышы.
Дарыгердин айтымында, жашоого каалоо жоголуп, депрессияга кабылган адамга эс алуу жетишпейт. Невропатолог алкоголдук ичимдиктер маанайды көтөрүүгө эч убакта жардам бербей тургандыгын эскерткен.
"Алкоголь — бул депрессант, ал, тескерисинче, борбордук нерв системасын бузат. Башында дофамин менен серотонинди көбөйтүп, адамды "балкытат". Бирок спирт ичимдигин узак убакыт бою ичкенде организм "балкыма" гормондорду мындан да көбүрөөк талап кылып, ансыз тынчсыздануу, депрессия башталат. Ошентип алкоголго байланып калуу коркунучу бар", — деген Овсянникова.
Нарколог ичинде алкоголдук ичимдик бар конфеттердин зыянын айтты