Элдик курултай юридикалык жактан легитимсиз болсо да саясий жактан туура. Маек

Бишкекте 15-декабрда Элдик курултай өтөт. Былтыр 1000 адам катышса, быйыл делегаттардын саны 700гө жетери айтылды. Учурда анын нормативдик мыйзамы бекигени менен статусу белгисиз.
Sputnik
Sputnik Кыргызстан агенттигинде саясий серепчи Бакыт Бакетаев болду. Биз Элдик курултайдын максатын, табиятын жана мыйзамдуулугун сүйлөштүк.
— Курултайдын статусу ушуга чейин белгисиз. Эл өкүлчүлүгүнүн милдетин аткарат десек Жогорку Кеңеш бар. Мыйзам чыгаруу милдети министрлер кабинети менен парламентте...
— Элибиздин нарк-насилин, каада-салтын карап чыгуу керек. Советтик Компартиянын убагында элде "теңчилик" түшүнүгү калыптанды. Анан базар экономикасына өтүп, анда байлар пайда болду да, мамлекеттик мекеме, ишканаларды менчиктештирип алды. Коомчулукта материалдык жактан ажырым пайда болгон сайын "бирдей болушубуз керек эле" деген нааразычылык жарала берди. Элдин аң-сезиминде теңчилик түшүнүгү менен кошо "мамлекет бизди камсыздашы керек" деген ой дагы деле бар. Бирок демократия жагынан алдыга кетип, үч революцияны баштан өткөрдүк. Бешинчи президентибизди алмаштырсак да эл "байлар кайдан пайда болду, кандай жол менен байыды, мамлекеттин мүлкү туура бөлүштүрүлдүбү" деген суроолор менен башын оорутуп келет. Ошол себептен президент Элдик курултай институтун мыйзамдаштырды. Курултайды Конституцияга киргизүү тууралуу да сөз болгон. Бирок тарыхка карасак, 200 жылдан бери Япониянын Конституциясынын бир жери өзгөртүлгөн эмес. Бизде көчөдө жүргөн деле активисттер Конституцияны өзгөртүүгө сунуштарын бере берет.
Экинчиден, Жогорку Кеңештин 95 пайызы байлар. Парламентке жалаң акчалуулар келип алды. Карапайым элдин катмарынан эч ким жок. Мыйзам да ошондой жазылып калган. Шайлоого катышуу үчүн адегенде эле жүз миң сом бериши керек. Ошол себептен калктын үнүн угууга микрофон берүү үчүн президенттин саясий эрки менен курултай уюшулду. Бул юридикалык жактан мыйзамсыз болсо да саясий жактан туура. Анткен менен эки ача пикир жаралып жатат. Бирок курултай бизге керек. Бул институт эл арасында айтылып жүргөн көйгөйлөрдү анализдейт. Ийри отуруп түз кеңешүүгө өбөлгө. Өлкөдө саясий кризистик абал жаралганда Курултайга элдин калың катмарынан өкүлдөр келип, талкуулап, өлкө тагдырын таразалап чечимдерди кабыл алат. Революцияларда эл маселени таш менен чечип келсе, эми сөз менен чечиши керек. Анын үстүнө Жогорку Кеңешке чогулган бизнесмендер эл өкүлүнүн функциясын так аткара албай жатышат.
Саясий серепчи Бакыт Бакетаев
— Кайсы бийлик болбосун легитимдүүлүк маселеси жаралып келген. Бизде Курултай канчалык деңгээлде бийликтин легитимдүүлүгүн бекитип бере алат?
— Кемчиликтер бар. "Элдик курултай жөнүндө" мыйзам долбоорунда анын кылымдардан бери келе жаткан табияты, негизги мааниси жакшы жазылбай калыптыр. Депутаттар да мунун легитимдүүлүгүн аныктап бере албай коюшту. Ошол себептен "келип, президент менен сүрөткө түшүп, эт жеп кете бергиле" дегендей болуп калганын айтып күлүп жатышпайбы. Анын легитимдүүлүгү келечекте чечиле турган маселе. Конституциянын 7-беренесине "Курултай — бул кеңеш берүүчү жана байкоочу институт" деп гана жазып коюптур. Чындыгында ар бир жарандын кеңеш берүүгө жана байкоого укугу бар да. Ал эми курултайчыларга конкреттүү бир саясий милдет же укук берилген эмес.
— Курултайчылар чек ара маселеси, жол, коррупция, министрлер кабинетинин ишмердиги жана башка көп көйгөйлөрдү көтөрүп, бир катар сунуштарын айткан. Анын аткарылышы кандай болду?
— Курултайда мурда айтылып эле жүргөн көйгөйлөр айтылды. Арасында бирин-экин гана жаңы меселе бар. Буга чейин депутаттар тарабынан да айтыла калчу "бул жакка мектеп, тигил жакка жол, бала бакча керек" деген маселелердин айрымдары чечилди. Негизи курултайчылар менен кошо "чурултайчылар" да керек. Анткени көйгөйдү бийликке эмоция менен жеткиргенде гана жыйынтык берет. Алар бир эсе ачуу да айтат, сындайт.
— Бул ирет элдик жыйында "саясий куугунтуктамын" деген жарандардын маселеси, чек ара көйгөйү көтөрүлөбү же мындан ары "дүжүрлөр жыйыны" деген атка конобу?
— Курултайга өткөн жолу эл арасындагы активисттер чогулган. Эч кандай жасалмалуулук болгон жок. Жылдыз Жолдошева "ким келсе да президенттик тактыда ажыдаарга айланат экен" деди. Ушундай ачуу сындар, көйгөйлөр айтылды. Бул сапар 700 делегат келет. Акимдер мында да чыныгы элдик адамдарды жибереби же тандап өзүнө жакынын шайлайбы, көрө жатарбыз. Муну уюштуруу комитети да карашы керек. Курултай жалаң эле мактоо, кол чабуу менен бүтсө коомчулук ыраазы болбойт. Нааразычылык күчөйт. Анан да элдин пикири филармониянын ичинде айтылганы жакшы. Стадиондо айтылган ар кандай көйгөйлөр сүрөөн менен коштолуп, стабилдүүлүккө терс таасирин тийгизет. Курултай — бул маданияттуу митинг. Элдин үнү бийликке түз жетип, өз милдетин так аткарса жакшы институт.
— Ошол элдин көйгөйүн бийлик аткарбай койсо нааразычылыктын күчөшүнө алып келбейби?
— Курултайчылар кеңеш гана бере алат. Андан ары аша чаап кетсе кылмыш иши козголушу мүмкүн. Себеби Конституцияда кеңеш берүүгө гана укук берилген. Курултайчылардын арасында оппозициясы, либерал, демократтары да бар. Бирок 60-70 пайызы президентти колдогондор.
— Ушу Курултайды президенттин элге жасаган жылдык отчёту катары карасак болобу?
— Ооба, үмүттөнсөк болот. Өткөндө да президент, өкмөт башчы, башкы прокурор келип буга чейин жасалган иштер тууралуу айткан. Бул жылы да айтылат. Курултай мамлекеттин ишин баалай албайт. Бирок бийликтин өз ишине, жасап жаткан саясатына анализ жасоосу үчүн керек.
Күүлөнүп алган сүрмө топту жеке кызыкчылыкка пайдалануу оңой. Психологдун маеги