21-сентябрда Бишкектин бир бөлүгүндө суу өчөт. Даректер

"Бишкек суу канал" келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, уюмдарды, калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууга чакырат.
Sputnik
БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. 21-сентябрь, бейшембиде, Бишкектин бир бөлүгүндөгү турак жайларга ичүүчү суу берүү токтотулат.
Шаардык мэрия суу саат 9:00дөн 15:00гө чейин өчө турганын билдирди.
Ичүүчү суу токтой турган даректер:
Чыңгыз Айтматов көчөсүндө жайгашкан №93/1, 93/2, 93/3, 93/4, 93/5, 93/6 имараттар;
Тыналиев көчөсүндөгү №139/3 үй;
Төлөмүш Океев көчөсүндөгү №39/3, 39/4 турак жайлар.
Бул күнү "Аэропорт" суу топтомо жайы менен суу түтүктөрү оңдоп-түзөлөт.
"Бишкек суу канал" келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, уюмдарды, калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууга чакырат.
Радио
Чонтоев: калк арасында суу колдонуу маданиятын жогорулатуу зарыл