Ереванда Карабахтагы кырдаалдан улам эл митингге чыгып, жолдорду тосууда. Видео

Азербайжан бүгүн региондо антитеррордук иш-чаралар башталганын билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Азербайжандын Куралдуу күчтөрү Тоолуу Карабахта операция баштагандан кийин Ереванда Армения өкмөтүнүн имаратынын алдына эл чогулду.
Митингчилер борбор калаанын аянтына өткөн жолдордун баарын тосуп алып, “Никол — саткын” деп кыйкырып жатышат.
Бүгүн Азербайжандын Коргоо министрлиги Конституциялык түзүлүштү калыбына келтирүү үчүн Тоолуу Карабахта локалдык маанайдагы антитеррордук иш-чаралар башталганын билдирген. Баку бир гана аскердик объектилерге сокку жасаларын белгиледи. Ал эми Ереван аталган аймакта Армениянын эч кандай аскер бөлүктөрү жана техникасы жоктугун айтып жооп берди. Премьер-министр Никол Пашинян өлкөнүн Коопсуздук кеңешин кезексиз жыйынга чакырды.
Москва тараптарды кырдаалды дипломатиялык жол менен жөнгө салууга чакырды.
Россия Тоолуу Карабахтагы кан төгүүнү токтотууга чакырды