БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын январынан июлга чейин Кыргызстандан чет өлкөгө 286 миллион 830 миң доллар которулду. Бул тууралуу Улуттук банктын маалыматында камтылган.
Кеп жеке жактардын акча которуу системасы аркылуу аткарылган транзакциялары тууралуу болуп жатат. Каражат ар кандай валюталар менен жөнөтүлөт, бирок эсептегенде доллар эквивалентинде көрсөтүлөт.
Ошол эле учурда Кыргызстанга агылган акчанын суммасы алда канча көп, тагыраагы, жети айда өлкөгө чет мамлекеттерден 1,1 миллиард доллар келген.
Белгилей кетсек, былтыр ушул мезгилде 475,5 миллион доллар сыртка чыгарылган. 2022-жылды толугу менен эсептегенде Кыргызстандан чыгарылып жаткан акчанын суммасы рекорд жараткан. Өсүүлөр апрелде башталып, эң көп которулган сумма (170 миллион доллар) сентябрда катталган.