Кыргызстан менен Россиянын баш прокурорлору жолукту

Зулушев азербайжандык кесиптешин да кабыл алды.
Sputnik
БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Кыргызстан менен Россиянын баш прокурорлору Курманкул Зулушев жана Игорь Краснов жолукканын көзөмөл органдын маалымат кызматынан кабарлады.
1 / 4

Кыргызстан менен Россиянын баш прокурорлору Курманкул Зулушев жана Игорь Краснов жолукканын көзөмөл органдын маалымат кызматынан кабарлады

2 / 4

Жолугушууда КМШ жана Экономика боюнча эл аралык кызматташуу уюмуна мүчө өлкөлөрдүн башкы прокуратураларынын ортосундагы кызматташууну бекемдөө, кеңейтүү, жарандардын укуктарын камсыздоо, коопсуздугунун деңгээлин жогорулатуу өңдүү бир топ маанилүү маселелер боюнча талкуу жүрдү

3 / 4

Жыйынтыгында КРдин Баш прокуратурасынын прокурордук-тергөө кызматкерлерин кесиптик даярдоо Борбору жана РФтин прокуратура университетинин ортосунда кадрларды даярдоо, илимий-изилдөө жаатында өз ара кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду

4 / 4

Зулушев андан сырткары Азербайжандын башкы прокурору Камран Алиев менен жолуккан. Маалымат кызматы алардын бир катар негизги багыттар боюнча тажрыйба алмашууну макулдашканын билдирди.

Жолугушууда КМШ жана Экономика боюнча эл аралык кызматташуу уюмуна мүчө өлкөлөрдүн башкы прокуратураларынын ортосундагы кызматташууну бекемдөө, кеңейтүү, жарандардын укуктарын камсыздоо, коопсуздугунун деңгээлин жогорулатуу өңдүү бир топ маанилүү маселелер боюнча талкуу жүрдү. Жыйынтыгында КРдин Баш прокуратурасынын прокурордук-тергөө кызматкерлерин кесиптик даярдоо Борбору жана РФтин прокуратура университетинин ортосунда кадрларды даярдоо, илимий-изилдөө жаатында өз ара кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду. Андан сырткары башкы прокуратуралардын ортосундагы 2024-2025-жылдарга карата биргелешкен иш-чаралардын планын бекитишти.
Зулушев андан сырткары Азербайжандын башкы прокурору Камран Алиев менен жолуккан. Маалымат кызматы алардын бир катар негизги багыттар боюнча тажрыйба алмашууну макулдашканын билдирди.
Чет өлкөдө соттолгон 38 кыргызстандык кайтарылат. Прокурор экстрадиция тууралуу