Өкмөт бир катар айылдардын аталышын өзгөртүүгө белсенди

Министрлер кабинети мындай долбоорду мартта эле сунуштаган, бирок парламентке келгенде кээ бир айылдар алып салынган.
Sputnik
БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңешке Баткен, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарындагы бир катар айыл өкмөт жана айылдардын аталышын өзгөртүү жөнүндө мыйзам долбоору келип түштү.
Сунушталган долбоор:
Баткен облусунун Көтөрмө айыл аймагы — Молдо Нияз;
Жалал-Абад облусунун Назаралиев айыл аймагы — Үч-Коргон;
Ысык-Көл облусунун Семенев айыл аймагы — Кожояр;
Жалал-Абад облусунун Деш айылы — Тынчтык;
Жалал-Абад облусунун Дукур айылы — Достук;
Жалал-Абад облусунун Чек айылы — Ынтымак;
Ысык-Көл облусунун Комсомольское айылы — Кытай;
Ысык-Көл облусунун Семенов айылы — Кожояр-Ата.
Министрлер кабинети мыйзам долбоорунун максаты улуттук идеологияны бекемдөө жана айылдарга өткөн замандагы жана бүгүнкү күндөгү белгилүү аталыштарды ыйгаруу экенин белгиледи. Чечим жергиликтүү тургундардын жыйындарында кабыл алынган.
Мыйзам долбоору менен кененирээк парламенттин сайтынан тааныша аласыздар.
Мындай өзгөртүүлөрдү өкмөт алгач ушул жылдын мартында сунуштаган. Анда Ош облусунун Киров айылын Кенжебай, Таластын Куру-Маймак айылын Сатыкей жана Чүйдүн Нижняя Серафимовка айылын Макеш Баатыр деп өзгөртүү каралган. Азыркы долбоордо алар жок. Ал эми Семенов айылынын атын өзгөртүү жаңыдан кошулган.
Халмион – Жеңиш, Маргун – Кең-Талаа болду: Баткенде 13 айылдын аталышы өзгөрдү