18-сентябрга карата аба ырайы

18-сентябрда түнкүсүн бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
Sputnik
БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Дүйшөмбүдө күндүз тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +22...+27, Таласта +21...+26, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +24...+29, Ысык-Көлдө +17...+22 жана Нарында +20...+25 градус болот.
Термометр бул күнү Бишкекте +24...+26 жана Ош шаарында +26...+28 градусту көрсөтөт.
Жаанчыл болот. Бир жумага карата Кыргызстандагы аба ырайы