"Психолог менен баарлашуу" рубрикасына кызы баш бербей, кайненесинин каарынан тажаган келиндин каты жарыяланды.
Саламатсыздарбы! Мен 37 жаштамын. Жолдошум экөөбүз тең мамлекеттик жумушта иштейбиз. Үч баланын ата-энесибиз. Кайын журтум менен бир райондо турам. Жолдошум көп бир тууган, менден кичүү абысындарым, кайын сиңдилерим бар. Күйөөм дайыма туугандарынын сөзүн сүйлөп турат. Улуу кызымды кайненемдер төрт-беш жашына чейин багып берген. Ал кезде батирлеп жашап, иштеш керек болду. Кийин окуганда колума алгам. Кайненемдердин мага көргөзбөгөнү калган эмес. Кайын сиңдимдин үйүндө жашап турганда "короону шыпырбайсың" деп балдарым менен караңгыда үйдөн кууп чыккан күндөрү да болгон. Өз апам "баласы менен жашап жатсаң, энеси жаман болмок беле" дегенинен "менден кетпесин" деп кайра барып жүрдүм. Бир баш көтөрбөдүм. Майрам сайын белегимди берип жиберем. Өзүм кенедей айлык алып, батирлеп жүрсөк да болбоду дегенде шампунь, крем кылып апама бербей, кайненеме жөнөтөм. Бирок ошондо да жакшы атыккан жокмун. Баласын кайрап эле туруп алды. Оокат кылганымды, баскан-турганымды жактырбайт. Ушуга чейин эле тили тийип келе жатат. Акыры менин да көңүлүм калды. Абысындарымды "даңкылдап оокатты бат жасайт" деп жакшы көрөт. Аларга бөйпөңдөп турат. Бир ирет менден кичүүсү таарынып кетип, энеси кайненемдин абийирин телефондон эле кетирип койду. Ошондон кийин ал кудагыйына жалпактап калган. Менин апам болсо кызын тыйып, жоош. Аны билип алган. Айта берсе арман көп. Жолдошум болсо ичип, ар ким менен жүрүп кылтыңдап эле турат...
Буларга башымды оорутпайын, өзүмдү карайын дегенде эми кызым чыкты. Анткени кызымды эс алууга чоң аталарыныкына жибергем. Ошондон бери эле мага баш бербей калды. Чоң энесинин эле сөзүн сүйлөйт. Бир нерсе болсо эле кийимин алып алардыкына качып кетет. Кыялын көрсөтүп, идиштерди ургулап, бөбөктөрүн кагып-силкип, үй ишине жардам бербей калат же көгөрүп жатып алат. Өткөөл куракта болгондуктан коркуп да катуу уруша албайм, бир нерсе болуп калбасын дейм. Анын үстүнө кайненем да күйөөмө чалып "кызды тиги урушкан жокпу" деп сурап турат. Кызым үйдөгү болгон иштердин баарын чоң энесине телефондон шашпай жеткирет. Абысындарыма да шылдың болдум. Алып кеткени барсам чоң энесине таянып айтышып, ыйлап, кайненем бир жагынан кыйкырып урушат. Кызыма кандай мамиле кыларымды билбей калдым. Энеси мени жамандай берип, мага кыз эмес эле душман болуп калды. Мени жаман көрөт. Чоң энесине жан тартып турат. Акырын түшүндүрүп айтсам деле мээсине кирбейт, кебимди кабыл албайт. Кыздардан кем кылбай кийинтем, көп урушпайм, ийримдердин баарына катыштырам. Кандай кылышты билбей калдым. Берки балдарым андай эмес. Алар мени аяп турушат. Баарынан да душмандан бетер үйдөгү сөздү чоң энесине жеткирип, отчёт бергенинде болуп жатат. Анан да токойду караган карышкырдай эле айылга чоң энесине кеткиси келип турат. Мени жактырбайт.
Сажира Абдыкаимова, психолог:
Саламатсызбы? Кат жазган айым, сиз бул каттын кайсы жериндесиз? Катыңызда өз апаңыз, кайнене, жолдошуңуз, балдарыңыз, болбой калганда абысыныңыздын апасы да бар экен. Эң өкүнүчтүүсү — сиз жоксуз. Бирок сизде убакыт, мүмкүнчүлүк да бар. Биздин жаныбыздагы адамдарды жасаган мамилесинен билсек болот. Эч кимге "мага жакшы мамиле жасагыла" деп айта албайбыз. Кызыңыз тууралуу айта албайм, анткени бала — ата-энесинин күзгүсү. Мындай абалдан кантип чыкса болот? Кызыңыз менен ачык, так сүйлөшүңүз. Ата-эне деген ким? Чоң ата, чоң эненин ролу кандай? Кызыңыздын сизге жасаган мамилесинен өзүңүздү кандай сезесиз? Өзүңүздү керексиз, сүйкүмсүз сезип, жаман акыбалда калып жатасызбы? Баарын айтыңыз. Кызыңыздын жасаган мамилеси кандай таасир этип жатканын төкпөй-чачпай айтканга аракет кылыңыз. "Сен" деген сөздү алып таштаңыз, "менге" өтүп, өзүмдү ушул учурда мындай сездим деп айтууңуз керек. Өз оюңузду ачык айтканга үйрөнүңүз. Өзүңүздүн үстүңүздөн иштеңиз. Сиз өзгөрсөңүз айланадагы бардык нерсе өзгөрөт. Башкалардын өзгөрүшүн эч качан күтпөңүз. Алар муну сизден күтөт. Мүмкүнчүлүк болсо психолог менен жеке иштешүү керек. Бала ата-энесинин күзгүсү экенин унутпаңыз.