Нарын шаары 155 жашка чыкты. Архивдик жана азыркы сүрөттөр

Нарын шаары — азыр Теңир-Тоонун, Нарын облусунун борбору. Анын түптөлгөнү бир жарым кылымга чамалады. Тагыраагы, бул күндөрү 155 жылдык юбилейин белгилеп жатат.
Sputnik
Учурда Нарындын калкынын саны 42 миңге чукул. Шаардын жалпы аянты — 5 040 гектар. Деңиз деңгээлинен 2 040 метр бийиктикте орун алган. Бишкек шаарынан 310 чакырым алыстыкта. Sputnik Кыргызстан Нарын калаасынын бир топ жыл мурдагы жана азыркы көрүнүшү чагылдырылган сүрөттөрдү сунуштайт.
1 / 18

Нарын тоолордун арасында, деңиз деңгээлинен 2 040 метр бийиктикте жайгашкан. Чок ортосунан Нарын дарыясы өтөт. Жарым кылымга жакын мурда тартылган сүрөт.

2 / 18

Борбордук аянттагы жергиликтүү администрация — облустук комитеттин имараты. Бул азыр да шаардын көзгө басар курулуштарынын бири. Албетте, азыр айланасы бир топ өзгөргөн.

3 / 18

Советтик доордогу Кыргызстандын 40 жылдыгы атындагы эс алуу паркындагы Владимир Ильич Лениндин эстелиги. Баса, мындай эстеликтерди Кыргызстандын бир канча жерлеринен кездештирүүгө болот.

4 / 18

Нарын облусунун борбордук көчөсүнүн бир кездеги көрүнүшү. "Жигули" менен эл арасында "сары автобус" атка конгон ПАЗ. Азыр бул жолдон кыймыл үзүлбөйт.

5 / 18

Бузулуп калган шаардык автоунаа СССРдин башка калааларындай эле ушундай автостанцияда оңдолчу

6 / 18

Муратбек Рыскулов атындагы Нарын облустук музыкалык драма театры калктын маданий турмушуна өзүнүн ири салымын кошкон

7 / 18

Театрдын репертуары, актерлордун оюну, жадагалса декорациялар да элге укмуштай таасир этер эле. Сүрөттө Жусуп Турусбековдун "Ажал ордуна" тарыхый-революциялык драмасынын негизинде режиссер Бообек Ибраевдин постановкасынан алынган ирмем. Сахнада республиканын эл артисттери.

8 / 18

Азыркы Нарын педагогикалык колледжи мурда 1939-жылы ачылган Гоголь атындагы мугалимдер институту болчу

9 / 18

Нарын Тянь-Шандын тоолоруна саякат жасайм дегендер үчүн алгачкы баскыч эле. Андыктан ушундай мейманкана үйлөрү курулган. Бул тоолуу шаардан азыр да туристтердин аягы үзүлбөйт.

10 / 18

Шаардын ал кездеги эң белгилүү "Ала-Тоо" рестораны...

11 / 18

"Соң-Көл" кинотеатрынын имараты. 2014-жылы ага КРдин эмгек сиңирген артисти Таттыбүбү Турсунбаеванын ысымы берилген.

12 / 18

Калаадагы белгилүү универмагдардын бири. Баса, 60-жылдарда кире бериш жеринде "Соода кызматкерлери, калкты тейлегиле!" деген жазуу илинип турчу.

13 / 18

Бул сүрөттө Нарындын Москва көчөсүндө жаңы курулуп бүткөн көп батирлүү үйлөр чагылдырылган

14 / 18

60-жылдардагы борбордук телеграф...

15 / 18

Туптуура 55 жыл мурда тартылган сүрөт. Анда Нарын калаасы 100 жылдык юбилейин белгилеген.

16 / 18

Көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиев атындагы аянт. Кыргызстанды чейрек кылымга жакын башкарып турган бул жетекчиге айкел 2019-жылы ноябрда тургузулган.

17 / 18

Нарын облустук мамлекеттик администрациянын имараты

18 / 18

Теңир-Тоонун борбору Нарын шаары жана Нарын дарыясынын асмандан тартылган сүрөтү. Учурда калаада 42 миңге чукул киши жашайт. Жалпы аянты — 5 040 гектар.

Тема боюнча:
Далай сырды, оор күйүттү батырган "Ата-Бейит". Архивдик сүрөттөр
Опера жана балет театры кантип курулган? Сейрек архивдик ирмемдер