Кыргызстанга балдардын психикасын коргоо жөнүндө мыйзам кабыл алуу сунушталды

Үч мамлекетке балдарды алардын ден соолугуна жана өнүгүүсүнө зыян тийгизген маалыматтардан коргоо жөнүндө мыйзам кабыл алуу сунушталды.
Sputnik
БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Евразия экономикалык коллегиясынын комиссиясы "Балдар менен өспүрүмдөрдүн ден соолугуна жана өнүгүүсүнө зыян келтирген маалыматтардан коргоо жөнүндөгү" сунуштаманы кабыл алды. Бул тууралуу ЕЭКтин маалымат кызматы билдирди.
Армения, Беларусь жана Кыргызстанга өлкөлөрдүн социалдык-экономикалык абалын эске алып, балдардын ден соолугуна жана өнүгүүсүнө зыян келтирген маалыматтардан коргоо жөнүндөгү мыйзамга имплементациялоо (эл аралык милдеттемелерди өлкө ичинде ишке ашыруу) мүмкүнчүлүгүн киргизүү жолун карап чыгуу сунушталды.
"ЕАЭБ мамлекеттерине балдардын ден соолугуна жана өнүгүүсүнө зыян алып келе турган сүрөттөр камтылган продукцияларга (рюкзак, кийим, велосипед, дептер ж.б.) жана столдо ойнолчу оюндарга карата "маалыматтык продукция" түшүнүгүн киргизүү сунушталды", — деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары, "Оюнчуктардын коопсуздугу жөнүндөгү" техникалык регламентке өзгөртүүлөрдү киргизүү ишин улантуу сунушталды.
Бала күнүгө ата-энеден 80 жакшы сөз угушу керек. Нарында үйдөгү зомбулукту жоюу иштери