БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын январь-август айларында ички дүң продукциянын көлөмү (ИДП) 677,2 млрд. сомду түзүп, реалдуу өсүү темпи 103,3 пайыз болду. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.
2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 6,8 пайызга өсүү болгон.
Экономиканын тармактары боюнча курулушта өндүрүштүн көлөмү 11,3 пайызга, тейлөө чөйрөсүндө 4,5 пайызга өскөн, өнөр жайдын өсүү темпи өткөн жылдын деңгээлинде сакталып, айыл чарбаныкы 1,5 пайызга төмөндөгөн.
Өнөр жай ишканалары тарабынан 288,9 миллиард сомдук дүң продукция өндүрүлгөн, мында 2022-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу өндүрүштүн көлөмү 0,3 пайызга көбөйдү. Ал фармацевтика, текстиль өндүрүшүн, кийим-кече жана бут кийимди, булгаары жана булгаарыдан жасалган буюмдарды, химиялык өндүрүштү чыгаруунун өсүшү менен шартталган.
Ал эми айыл чарбасынын дүң продукциясы 204,1 миллиард сомду түздү. Инвестициялардын көлөмү 75,2 миллиард сомго жеткен.