Быйыл Кара-Кече көмүрүнүн баасы жеринде 1 700 сомдон бекитилди. Бул тууралуу Надырбек Бекжанов Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, апрелге чейин Бишкек ЖЭБинен тышкары 500 миң тоннага чейин көмүр казып, жүктөө пландалууда.
"Министрлер кабинетинин күз-кышка даярдануу боюнча токтомунун алкагында "Кыргыз көмүргө" тапшырмалар коюлуп, ошонун алкагында иш жүрүүдө. Мындан тышкары, ишкананын жылдык планы бар, иштер ошого ылайык болуп жатат. Быйыл Бишкек ЖЭБине 1 миллион 100 миң тонна көмүр керектелсе, анын 650 миң тоннасын жергиликтүү көмүр менен менен толуктоо боюнча келишим түзүлдү. Анын 600 миң тоннасы "Кабак" бассейнинен, 50 миң тоннасы "Таш-Көмүрдөн" алып келинет. 1-сентябрдан тарта калкка жана бюджеттик мекемелерге көмүр жүктөлүүдө. Учурда 25 миң тонна жүктөлсө, анын 18 миң тоннасы Бишкек ЖЭБи үчүн Балыкчыдагы базага ташып келинди. Токтомдун негизинде быйыл көмүрдүн баасы жеринен, башкача айтканда, кесиминен тоннасына 1 700 сом деп бекитилди. Логистикалык чыгымдарды эске алуу менен Бишкек ЖЭБине 4 420 сомдон алып келинет", — деди Бекжанов.
Ошондой эле ал 1-августтан тарта өлкөнүн энергетика тармагында өзгөчө кырдаал киргизилгендиктен "Кыргыз көмүр" күчөтүлгөн тартипте иш алып барып жатканын кошумчалады.