Бийликке элдин канчалык деңгээлде ишенери аныкталат. Жаңы жобо

Аткаминерлерге элдин мамилесин аныктоо милдети Улуттук статистика комитетине жүктөлгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Кыргызстанда аткаруу бийлигинин өкүлдөрүнүн, облус жетекчилеринин, акимдердин, айыл өкмөттөрдүн ишине калк сурамжылоо аркылуу баа бермекчи.
Министрлер кабинетинин маалымат кызматы бул багытта өкмөт тарабынан "Калктын ишеним индекси жөнүндө" жобо бекитилгенин кабарлады. Анда кабыл алынган чечимге ылайык, аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ишине калктын ишеним деңгээлин өлчөө максатында сурамжылоо жүргүзүү үчүн стандарттуу анкета бекитилген.
Бул милдет Улуттук статистика комитетине жүктөлдү. Статком кезектеги жылга карата Статистикалык программада аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ишине калктын ишеним деңгээлин өлчөө иштерин жасайт. Алар сурамжылоону жана алынган маалыматтарды иштеп чыгат да, аналитика жүргүзүлгөн катты Экономика министрлигине берерин билдиришти.
"Отчеттук жарым жылдыктан кийинки айдын 25ине чейинки мөөнөттө Экономика жана коммерция министрлигине мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары үчүн натыйжаларды, көйгөйлөрдү, тенденцияларды жана сунуштарды камтыган аналитикалык кат берет", — деп айтылган маалыматта.
Бошсуңар! Садыр Жапаровдун аткаминерлерди кеңешме учурунда иштен алган видеосу