Бишкекте футбол боюнча өлкө кубогунун финалы өтөт. Билетти кайдан алса болот

Быйылкы таймаш — өлкөнүн тарыхындагы башкы байге үчүн болгон 32-оюн.
Sputnik
БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Борбор калаада 16-сентябрда өлкөнүн футбол боюнча кубогунун финалы өтөрүн Кыргыз футбол союзунан кабарлашты.
Матч Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо саат 20:00дө башталат. Кыргызстандын кубогун Кант шаарынын "Абдыш-Атасы" менен премьер-лиганын дебютанты, Жалал-Абаддын "Мурас Юнайтед" командасы талашат.
Бул — өлкөнүн тарыхындагы башкы байге үчүн болгон 32-таймаш. "Абдыш-Ата" азыркы лидер жана кубоктун беш жолку ээси.
Билеттер матчтын сайтында kassir.kg сатылууда. Эгерде үйдөн күйөрмандык кылам десеңиз, YouTube жана "Мегалайн", "Акнет", "Неотелеком" провайдери аркылуу "Кыргыз Спорт ТВ" каналы көрсөтөт.
КР футбол командасы ноябрда дүйнө чемпионатынын тандоо турунда ойнойт