Вашингтон жасакерленүүгө аргасызбы? Саммиттен кийинки ой саптар

Нью-Делиде G20 декларациясы кабыл алынары менен Кошмо Штаттарда болуп өткөн окуялар кызуу талкууланып, жетекчилер кол алдындагыларды катуу зекип киришти.
Sputnik
Жыйында кабыл алынган соңку документте Россияга карата айыптоолор жок, ал эми украиналык иш да бир топ токтоолук менен сүрөттөлгөн. Саммиттин жүрүшү жана андан кийинки жагдайларга сереп салган Виктория Никифорованын кезектеги макаласы да РИА Новости сайтына жарыяланган.
Америкалык делегаттар эмне менен алектенген? Украиналык иш туурасындагы бөлүм талкууланган эки жүз саат ичинде эмнеликтен алар Вашингтондун Россияга каршы позициясын билдире алышкан эмес?
Документте Россияны айыптоо да, россиялык аскердик бөлүктөрдү чыгарууга чакырык да жок. Болгону территориялык бүтүндүктү сыйлоонун зарылдыгы жөнүндө жалпы сөздөр камтылган. Аларды Россиянын Крым жана жаңы аймактары менен бирге аймактык бүтүндүктү сыйлоо катары да кабылдоого болот.
Америкалык дипломаттар актанып жатып калышты: алардын баамында, бул "дурус декларация". Англиялык кесиптештери реалдуулуктан катуу тайып, Politico басылмасына декларация "Путинди аскердик бөлүктөрүн чыгарып, Украинага территорияларын" кайтарууга мажбурлай турганын айтышкан. Европалык аткаминерлер документти өздөрү жазган болсо, баары таптакыр башкача болмок, бирок консенсус болушу абзел эле деген тейде күбүрөнүштү.
Мындай кептер "Чоң жыйырманын" саммитинде украиналык иш боюнча БРИКС уюмуна мүчө өлкөлөрдүн салмактанган пикири басымдуулук кылганын айгинелейт. Корутунду декларацияда дал ушул нерсе чагылдырылган. Жамааттык Батыш батыштык эмес көпчүлүктүн бул чечимине баш ийүүгө аргасыз. Бул – Россиянын дипломатиялык жеңиши гана эмес, саясий, экономикалык, аскердик реалдуулуктардын чагылышы.
Чейрек кылым мурун "Чоң жыйырма" тобу "Чоң жетиликке" кандайдыр бир бөлүгү катары пайда болгон. 90-жылдардын аягында дүйнөлүк экономикалык каатчылык Глобалдык Түштүк жана постсоветтик мейкиндиктеги өлкөлөрдө миллиарддарды жок кылып, ал эми G7 ошол каатчылыктын "каймактарын" алган. Ошондо өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн экономикалык көйгөйлөрүн талкуулоо демилгеси келип чыккан. "Чоң жетинин" үлкөндөрү кебин айтып, башкалары кыңк этпестен алардын көрсөтмөлөрүн аткарат деп боолголошкон. Ал эми бүгүн "Чоң жыйырманын" ичиндегилер 180 градуска бурулуп кетти.
БРИКС өлкөлөрү дүйнөлүк ички дүң өндүрүмдүн үлүшү боюнча "Жетиликтен" озуп, экономикалык, социалдык жана аскердик өнүгүүнүн башатында турат. Батыш өлкөлөрүнүн абалы начарлап, алар кырдаалга таасир этүүнүн дипломатиялык рычагдарынан кол жууп жатат.
Лавров: ЕАЭБ келечекте G20нын аймактык катышуучусу катары каралышы мүмкүн
Америкалык журналисттер Нью-Делидеги саммитте Нарендра Модинин жылдызы жанып, ал эми АКШ президенти анда-санда сүрөткө түшүп койгону болбосо, арткы планда калганына өздөрүнүн кыжырдануусун жашырышпайт. Саммитте кабыл алынган чечимдердин көпчүлүгү Вашингтондун кызыкчылыктарына ачык эле каршы келип, анын гегемониясынын калдыктарын жок кылат.
Дүйнөлүк соода уюмун реформалоо демилгеси аны америкалык таасирден тазалоого багытталган. Бейтарап эл аралык уюм Кошмо Штаттар жана Европа биримдиги тарабынан эркин соода принцибин ачык эле бузгандарына көз жуумп койгону ойго келгис.
Индиядан Европага чыккан жаңы транспорттук коридор АКШны Европа менен Бхараттын алакаларынан сүрүп чыгарат. "Чоң жыйырманын" катарына кошулууга Африкалык биримдикти чакыруу Вашингтонго өз контрагенттерине бойкот жана санкциялар менен шантаж кылып, кысымга алуусун татаалдаштырат. Россия менен Кытайды катардан чыгарууга тырышкан мурдагы гегемон өзү элес албастан элден чыгып баратат.
Европалык Politico басылмасынын журналисттери саммитте АКШ президенти дүйнөлүк саясаттын эң "начар жигиттери" менен сүйлөшүүгө аргасыз болгонун тымызын табалоо менен белгилешти. Либералдык жаңыча тилде Түркиянын лидери Режеп Эрдоганды, Сауд Арабиясынын башчысы Мохаммед бин Салманды ушундай атап коюшат. Мурда "начар жигиттердин" катарына Индиянын премьер-министри да кошулчу эле. Таасирдүү америкалык маалымат каражаттары Нарендра Модини "жеткен оңчул автократ" деп мүнөздөшсө, АКШ Мамлекеттик департаменти ага виза берчү эмес. Азыр андай мезгил өткөн. Эми АКШ президенти "начар жигиттерге" жасакерленүүгө аргасыз. Европалык баяндамачылар коомчулуктун көңүлүн бургандай, бир жыл мурун Мохаммед бин Салман менен кол алышып учурашпаган Байден быйыл Нью-Делиде саудиялык ханзааданын колун кысууга мажбур болду. Болгондо да аны быйылкы кожоюн Нарендра Моди бекемдеп койду.
Саммитте учурдагы дүйнөлүк саясаттын дагы "эң начар эки жигити" – Владимир Путин менен Си Цзиньпиндин жоктугу да даана байкалып турду. Анткен менен алардын дарегине эч кандай сын-пикир да жолдонгон жок. Америкалык президент буга чейинки опузаларын, кемсинтүүлөрүн таптакыр унуткаргандай, таң калычтуу түрдө абдан тынч жүрдү. Ал түгүл 2026-жылы "Чоң жыйырманын" саммитин Кошмо Штаттарда өткөрүү демилгесин КЭР колдобой турганы туурасындагы сөздөр боюнча үндөгөн да жок.
Кытайлык лидер боюнча сурашканда Байден: "Дурус болмок", — деп кыска гана, ал Нью-Делидеги саммитке Си Цзиньпин келсе сүйүнө турганын кыйытты. Тайвань боюнча эч кандай чагым, "уйгурларды кысымга алуу" жөнүндө эч кандай кыйкырык жаңырган жок.
Ал эми Байдендин кеңешчиси Жейк Салливан адам укуктарын коргоо жаатында эмнеликтен ал Индиянын лидерине эч кандай доомат койбогонун сураган журналисттерге ал саммитке "айып салуучу карта таратканы келбегенин" кескин түрдө айтты. Бирок ондогон жылдар бою баш ийбеген өлкөлөргө айып салып, көз карандысыз лидерлерди болгон нерселерге күнөөлөп, кол алдындагы маалымат каражаттары жана коммерциялык эмес уюм аркылуу каалаган эгемен саясатчысын басмырлоого кынык алган дал ушул америкалык саясатчылар эмес беле... Нью-Делиде ошондой опузалоо машинасы көз көрүнөө бузулду. Эми АКШнын европалык желдеттери да бүтүм чыгарышар...
Эски дүйнөнүн трагедиясы: БРИКС эки эсе кеңейүүдө