Парламент үч министрдин талапкерлигин колдоп берди

Саламаттык сактоо министрлиги, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги, ошондой эле Санариптик өнүктүрүү министрлиги жаңы жетекчилүү болду.
Sputnik
БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары үч министрдин талапкерлигин бекитип берди.
Депутаттар Саламаттык сактоо министрлигине Алымкадыр Бейшеналиев, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине Гүлнара Баатырова жана Санариптик өнүктүрүү министрлигине Нурия Кутнаеванын талапкерлигин колдоп беришти. Эскерте кетсек, кадрдык өзгөрүүлөр 7-сентябрда болгон.
1 / 3

Алымкадыр Бейшеналиев

2 / 3

Гүлнара Баатырова

3 / 3

Нурия Кутнаева

Эл өкүлдөрү талапкерлерге бир катар суроолорду берип, сунуш айтышты. Төрага Нурлан Шакиев кызматына экинчи ирет дайындалып жаткан Алымкадыр Бейшеналиевге кайрылып, мүнөзү катаал экенин белгиледи. Анын айтымында, учурда аталган тармактагы бир топ адистер жаңы келе турган министр өч алышы мүмкүндүгүн айтып кооптонуп жатышат. Спикер Бейшеналиевден айкөл болууну өтүндү.
Мындан тышкары, Шакиев Кутнаеванын мамлекеттик тил болгон кыргыз тилин үйрөнүүгө басым жасашы керектигин айтты. Ал эми Баатырова буга чейин жакшы иштеп келгенин, мындан аркы жумушу да ийгиликтүү болоруна ишеним артты.
Соңунда депутаттар бир добуштан үчөөнүн талапкерлигин колдоп беришти.
Парламенттен кечирим сураган Эдил Байсаловго депутаттар бир топ сын айтты