Радио

Кыргызстандын аймактарында иштөө үчүн параюрист түшүнүгү сунушталууда

Юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков. Архивдик сүрөт
Юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков параюристтер боюнча мыйзам долбоору сунушталып жатканын айтты.
Sputnik
"Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам" мыйзамына өзгөртүү киргизилип жатат. Анда параюрист түшүнүгү камтылат. Бул тууралуу Орозбек Сыдыков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, параюристтер аймактарда иш алып барышат.

"Региондордо жашаган калктын укуктук билимин жогорулатуу максатында параюрист түшүнүгү сунушталып жатат. Мыйзамга өзгөртүү киргизилсе анын алкагында параюристтик кесиптер пайда болот. Алар алыскы аймактарда иштеп, калкка күнүмдүк турмушта келип чыккан маселелерде юридикалык кеңештерди берүү, мыйзамдуу жолун айтуу менен алектенишет. Параюристтердин иши борбордон координацияланат. Параюрист өзү билбеген маселеде борбордогу атайын даярдалган адистер менен байланыштырат же алардан жарандын суроосуна жооп алып берет. Айылда жашап, кат сабаты жоюлган, идиреги бар адамдарды биз атайын окутуудан өткөрүп, бул ишке тарта алабыз. Параюрист болуу үчүн юридикалык билими же жогорку билим деле талап кылынбайт. Ошондой эле жаш курагы, жынысы чектелбейт. Мейли ал пенсионер болсун же иш тажрыйбасы жок жаш кадр болобу, коомдук иштерде активдүү, укуктук маселелерди түшүнүп жана түшүндүрүп бере алган жөндөмдүү киши болсо жетиштүү", — деди Сыдыков.

Ал параюристтердин белгилүү иш графиги болбой турганын, алар жарандык маселелерде консультация берүүгө тартыларын кошумчалады.