ТИМ: Кыргызстан Азербайжандын эгемендигин колдой турганын билдирет

Бул билдирүү Карабахта болуп өткөн окуяларга байланыштуу жасалганын айтышты.
Sputnik
БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Кыргызстан Азербайжандын эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн колдой турганын дагы бир ирет эскертет. Мындай билдирүүнү ТИМ таратты.
Бул билдирүү Карабахта болуп өткөн окуяларга байланыштуу жасалганын айтышты.
ТИМ эл аралык таанылган чек аралардын бүтүндүгүн чечкиндүү түрдө жактап, Кыргызстан бардык маселелерди БУУнун Уставына жана эл аралык укуктун негизги принциптери менен нормаларына ылайык саясий жана дипломатиялык жолдор менен чечүүгө чакырарын айтты.
Sputnik Азербайжан акыркы убактарда алардын Коргоо министрлиги Азербайжан позицияларын Армениянын Куралдуу күчтөрү жана мыйзамсыз куралган куралдуу топтору аткылоого алганын кабарлаган.
Буга чейин Азербайжан ТИМи Карабах аймагындагы "шайлоону" Азербайжандын Баш мыйзамын жана эл аралык нормаларды бузуу менен өттү деген билдирүү жасаган.
НАТО Agile Spirit 2023 машыгууларын эмнеге Грузияда өткөрүүдө? Сереп