БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Адабий өңүттөн алып караганда Чыңгыз Айтматов эрдик жасады деп айтсак болот. Мындай пикирин Якутиянын Жазуучулар союзунун төрайымы, Якут эл акыны, Россиянын маданиятка эмгек сиңирген ишмери Наталья Харлампьева билдирди.
Ал КМШ мамлекеттеринин чыгармачыл жана илимий интеллигенциясынын XVI форумундагы "Чыңгыз Айтматов жана азыркы учур" деп аталган талкуу аянтчасында сүйлөдү.
Форумдун темасы "Өнөктөштүккө жана тынчтыкка маданияттардын өз ара байланышы аркылуу жетүү" деп аталат. Эске салсак, иш-чара Бишкекте өтүп, ага шериктеш мамлекеттен 200гө чукул өкүл катышууда.
Харлампьева улуу Айтматовдун артыкчылыгы — улуттук адабиятты этникалык алкакты жарып алып чыкканы экенин айтты.
"Бардык эле улуттук жазуучулар бул алкактан чыгып кете албайт. Негизи ар бир улуттук калемгер өз эли, өз окурманы үчүн жазат. Чыңгыз Айтматовдун улуулугу — адамдык руханий дүйнөнү жана анын баалуулуктарын улуттук көз караш менен көрсөтүп бергенинде. Бул турушу менен көптөгөн улуттук жазуучулар үчүн үлгү боло алды. Муну эрдик деп баалаш керек", — деди Харлампьева.
Якутиянын жазуучулар союзунун төрайымы Айтматовдун чыгармаларына болгон кызыгууда, кыязы, анын жалпы түрк тамыры кандайдыр бир роль ойнойт деген пикирин да кошумчалады.
"Якутиялык окурмандардын Айтматовдун чыгармаларына болгон кызыгуусунда качандыр бир кезде бабаларыбыздын бир отту тегеректеп отуруп келгени роль ойнобойт. Бул ириде бардык чыгармаларында Айтматовдун табиятка жана жандууларга ичтен ийрилип турган өзгөчө мамилеси. Азыркы заманбап мезгилде биздин келечекти адамдын жаратылышка жасаган мамилесин аныктайт. Бул үлкөн дүйнөнүн бир бөлүгү экендигин сезип, жаратылыштын сулуулугун көрө билүү деген айтматовдук ой ар дайым болуп көрбөгөндөй маанилүү жана эскирбейт дагы. Бул өзгөчө биздей — Менделеевдин таблицасындагы байлыктын баары бар республика үчүн актуалдуу. Муну менен сыймыктанса да, муңайса да болот", — деди якутиялык акын айым кеп кен байлыктарды экологияга зыяны аз келгендей кылып казуу туурасында жүрүп жатканын белгилеп.