Коомдун өзөгүн иштермандар кармап турат! Жапаров мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды

Өлкө башчы сыйлыкка татыгандарга ыраазычылык билдирип, алардын мындан ары дагы Кыргызстандын өнүгүшү, калктын бакубаттыгы үчүн арыбай да, чаалыкпай да эмгектене берерине үмүт артты.
Sputnik
БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Эгемен мамлекетибиздин, эркин элибиздин, демократиялуу коомчулугубуздун өзөгүн өз ишин берилип сүйгөн жаратман, иштерман, чыныгы каармандар кармап турат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 12-сентябрда, өлкө жана эл алдында сиңирген эмгеги үчүн мамлекеттик өзгөчө наам, белгилер ыйгарылган инсандарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырып жатып айтты.
Өлкө башчы өз сөзүндө эл сыйлаган, калк кастарлаган инсандарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу вазийпасын аткаруунун өзү эле чоң сыймык экенин белгиледи.
1 / 2

Садыр Жапаров бүгүн, 12-сентябрда, өлкө жана эл алдында сиңирген эмгеги үчүн мамлекеттик өзгөчө наам, белгилер ыйгарылган инсандарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды

2 / 2

Өлкө башчы өз сөзүндө эл сыйлаган, калк кастарлаган инсандарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу вазийпасын аткаруунун өзү эле чоң сыймык экенин белгиледи

"Ар бир доордун өз каармандары болгон сыяктуу соңку тарыхта Кыргызстан башынан кечирген сынакы учурларда да мекенчил инсандарыбыз чыкты. Айрыкча, бүгүнкү доордо керт башынын, жакындарынын, тар чөйрөсүнүн гана камын жебей, көр тирликке моюн сунбай, өзүм дебей өлкөм деп иштеген мекенчил инсандарыбыз мамлекеттин бакубаттуулугу үчүн ар кыл тармактарда өзгөчө эмгек сиңирип, Ата Журтка берилүүнүн үлгүсүн көрсөтүп келатышат. Биз – баарыбыз, албетте, ар кандай тоскоолдуктарга карабай чыдамкайлыгын, сабырдуулугун, жаратмандыгын көрсөтүп, өлкөнүн алдыга жылышына бараандуу салым кошкон каармандарыбызга суктанабыз, алар менен сыймыктанабыз. Мындай мекендештерибиз кийинки муунга, жаштарга чоң түрткү, дем-күч болуп, алдыга умтулууга жетелейт", — деди Жапаров.
Президент эмне себептен биринчи болуп көрүнүктүү мамлекеттик, саясий ишмерлер Абды Сүйөркулов, Иса Ахунбаев жана Насирдин Исановго Кыргыз Республикасынын Баатыры, Түмөнбай Байзаковго Эмгек Баатыры наамдарын ыйгарганын түшүндүрдү.
"Бул ысымдар мүлдө кыргыз журтчулугуна кеңири белгилүү экени талашсыз. Жогоруда айтканымдай, ар бир доордун өз каармандары болгон сыяктуу соңку тарыхта Кыргызстандын жүзүн, тагдырын, болмушун аныктай турган, жаркын келечекке багыттай турган өмүрү өрнөк инсандар — дал ушул аталарыбыз", — деди өлкө башчы.
Сөзүнүн аягында президент сыйлыкка татыгандарга ыраазычылык билдирип, алардын мындан ары дагы Кыргызстандын өнүгүшү, калктын бакубаттыгы үчүн арыбай да, чаалыкпай да эмгектене берерине үмүт артты.
Мамлекеттик сыйлыкка татыгандардын толук тизмеси менен таанышып алсаңыз болот.
Кыргызга эмгеги сиңгендер... КРдин эл баатырлары боюнча инфографика