Президенттин маалымат катчысы Кыргызстандагы орус тилинин мааниси тууралуу айтты

Sputnik
БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев КМШдагы мамлекеттик маалымат агенттиктеринин жетекчилеринин кеңешинде Кыргызстанда орус тилинин мааниси кандай экенин айтты.
Ал Кыргызстан КМШга Шериктештикте 2023-жыл орус тили улут аралык байланышуу тилинин жылы деп жарыяланган маалда төрагалык кылганын, бул символикалуу көрүнүш экенин белгиледи.
"Өлкө Конституциясында орус тили расмий тил катары бекитилген. Президент Садыр Жапаров белгилегендей, бул макам сакталат. Орус тилине муктаждык дайым болот, актуалдуу бойдон калат", — деди маалымат катчы.
Иш-чарага КМШга мүчө сегиз өлкөнүн маалымат агенттиктеринин жетекчилери катышты.
Путин Жапаровдун орус тилин сактоого жасаган аракетин жогору баалады