Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

АКШ эмнеге Украинаны согушту улантууга түртүп жатат. РФ лидеринин пикири

Россиянын президенти Киев жана анын кураторлору "элди отко таштап" чатакты ырбатып жатканын айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Президенттик шайлоого карата АКШ Украинадагы согуштук аракеттерде өзүнүн жыйынтыгын көрсөтүп, салымын кошуусу керек, адам өлүмү алар үчүн эске деле алынбайт. Мындай пикирин РФ лидери Владимир Путин Чыгыш экономикалык форумунун пленардык жыйынында билдиргенин РИА Новости жазды.
"Ноябрда аларда шайлоо өнөктүгү башталат, кандай болгон күндө да кандайдыр бир жыйынтык көрсөтүшү керек. Коомчулуктун алдында сөз болбошу үчүн украиналыктарды согуштук аракеттерди улантууга түртүп жатышат, себеби алар украиндерди аябайт", — деп белгилеген Путин.
Ал өз жарандарына Киевдин бүгүнкү жетекчилигинин да боору оорубай тургандыгын кошумчалады. Президент Киев жана анын кураторлору "элди отко таштап" чатакты ырбатып жатканын айтты.
Украиналык контрчабуул 4-июнда башталган. Киев согушка НАТО даярдыктан өткөрүп, Батыштын техникалары менен жабдылган бригадаларын салды. Куралдардын арасында көкөлөткөн көп сөз айтылган Leopard танкасы болгон. Анын согуш талаасында түтөп турган видеосу Батышта бир топ сөздүн башы болду. Үч айдан кийин РФ президенти Владимир Путин контрчабуул улам мүдүрүлүп, кайра кадам таштабастан такыр эле оңунан чыкпай калгандыгын белгилеген. РФтин коргоо министри Сергей Шойгунун айтымында, Украинанын аскерлери бир да багытта коюлган максатына жеткен жок. Эң кызуусу Запорожьенин Работино аймагы болду. Ал жакта Украина Батыш даярдап берген стратегиялык резервдеги бригадасын кармашка салган. Россиянын Коргоо министрлигинин маалыматына караганда, сентябрдын башындагы контрчабуулунда Украинанын Куралдуу күчтөрү 66 миң адамынан, 7,6 миң курал-жарагынан ажыраган. Талкаланган техникалардын ичинде немецтин Leopard, француздук AMX жана америкалык Bradley бар. Андан сырткары, британиялык Challenger-2 танкасынын талкаланганы туурасында да кабар тарады.
Владивостокто 10-сентябрда башталган VIII Чыгыш экономикалык форуму өз ишин 13-сентябрда жыйынтыктайт.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Пушков: Блинкендин Украина сүйлөшүүгө даяр деген сөзү — коомчулукту алдоо