Кышка кам: адистер үйдү кантип жылуулоо керектигин айтышты

Маалыматта үйдү жылуулоо технологиялары жана жылуулукту сактоо боюнча лайфхактар камтылган.
Sputnik
БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Жашыл технологиялар жаатында серепчи Бакыт Аскарбеков электр энергиясы жетишсиз болуп, бийлик аны үнөмдөөнү талап кылып жатканда үйдү жылуулоо темасы актуалдуу экенин Sputnik Кыргызстан радиосуна берген маегинде айтып берди.
"Базарда үйдү, батирди жана балконду жылуулоо үчүн көптөгөн материалдар бар. Алардын ичинен пенополистирол, пеноплекс жана пенополиуретан эң көп колдонулат. Ар биринин артыкчылыгы менен кошо кемчилиги дагы бар. Анткени булардын баары күйүүчү заттар. Бирок ошол эле маалда бул метериалдар өтө кымбат эмес, жылуулукту жакшы сактайт. Эң негизгиси — аларды туура орнотуу, болбосо суук өткөрө турган жерлер пайда болуп, дубалды көгөртүп да салышы мүмкүн", — деген Аскарбеков.
Адис пенопластты туура орнотуу маанилүү экенин эскертти. Ал тез күйүүчү зат болгондуктан бетин шыбак менен жабуу керек.
Ал эми энергияны жана ресурстарды үнөмдөө боюнча адис, KyrSEFF программасынын инженери Жаныбек Кулумбетовдун айтымында, күйбөй турган, жылуулук изоляциялоочу материалдарга минералдык кебез, керамзит жана базальт буласы кирет.
"Үйдү жылуулоо үчүн кандай материалды тандоону ар бир адам өзү чечет, бирок курулуш иштеринде жасалгалоочу материалдарды туура тандоо да маанилүү. Мисалы, пенопластты шыбак менен жакшы жаап албасаңыз, ал бир нече жылдан кийин жөн эле ажырап, түшүп калат", — деп түшүндүрдү Кулумбетов.
Радио
Жыгач терезелерди кантип туура жылуулоо керек? Инженердин кеңеши