Энергетика министри: кышында "жөнгө салуу иш-чаралары" жүрүшү мүмкүн

Былтыр Кыргызстанда электр жарыгы эл көп колдонгон сааттарда өчүрүлгөн. Энергетиктер бул маал-маалы менен өчүрүү эмес, жабдууну сактап калуу үчүн "жөндөөчү иш-чаралар" экенин айтышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Кыргызстанда кышкысын былтыркыдай эле "жөнгө салуу иш-чаралары" жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди.
"Электр энергиясы өтө көп колдонулган учурларда "жөнгө салуу иш-чараларын" жүргүзөбүз. Жарык бир же эки саатка өчүшү мүмкүн. Былтыр да ушундай болгон. Мындай кадамга барууга аргасызбыз. Себеби жабдуулар үчүн материалдык жоопкерчилик алганбыз. Эгер трансформаторго күч келип күйүп кетсе прокуратура бизди камап салат", — деди министр.
Былтыр Кыргызстанда электр жарыгы эл көп колдонгон сааттарда өчүрүлгөн. Энергетиктер бул маал-маалы менен өчүрүү эмес, жабдууну сактап калуу үчүн "жөндөөчү иш-чаралар" экенин айтышкан.
А.Жапаров: кышта электр кубаты тартыш болот, эмитен үнөмдөөгө өтөсүздөр деп ишенем