БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Бишкекте Кара-Кеченин көмүрүн сатууга чектөө киргизилбейт. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев "Кабар" маалымат агенттигинде өткөн маалымат жыйында билдирди.
Эске салсак, буга чейин "Кыргыз көмүр" ишканасы Кара-Кеченин көмүрүн колдонууга чектөө киргизилгенин билдирген. Буга анын зыяндуулугу жогору экени себеп болгону айтылган.
Министр Ибраев бул маалыматты төгүндөдү. Анын айтымында, мэриянын комиссиясы бар. Ошол жерде быйыл ыштан кантип арылабыз деген сөздөр болгон. Айрым адистер Казакстандын көмүрүн гана колдонууну сунуштаган.
"Кара-Кеченин көмүрүнөн баш тартуу болгону сунуш болчу. Кандай гана болбосун, Казакстандын көмүрү менен элди 100 пайыз камсыздоо мүмкүн эмес", — деди министр.
Ал Казакстандын көмүрү 30-35 пайыз керектөөнү гана жаба аларын, калган 70 пайыз көмүрдү илгертен эле "Кыргыз көмүр" жеткирип келгенин кошумчалады.