Мукабасы математика, ичи орус адабияты: ката басылган китептер... Видео

Билим берүү министрлигинен китептер азыр мамлекеттик типографияда басылып жатканын айтышты.
Sputnik
БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Социалдык тармакка окуу китептери боюнча кыжырланткан видео тарады. Роликтен алардын ичи менен тышы дал келбегенин, тагыраагы, мукабасы башка, ички мазмуну башка экенин көрүүгө болот.
Булардын 5-класска арналган окуу китептери экени айтылды. Мукабасы "Математика" китеби деп жазылган китептин ичи "Русская литература" болсо, математика боюнча дагы бир китепте кыргызча-англисче-орусча сөздүк жазылып калган.
Билим берүү министрлигинин маалымат кызматы бул китептер мурда жеке менчик басмаканаларда чыгарылганын, азыр министрликтин көзөмөлүндөгү мамлекеттик типографияда басылып жатканын айтты.
Радио
Жаңы окуу жылына 136 миңден ашык китеп басылып чыкты